Бронхит уй шартында дарылоо

Акыркы макалалар

Бронхит- бул өпкөнүн ичинде жайгашкан бронхтордун жабырлануусу менен коштолгон дем алуу органдарынын оорусу. Дарттын күчөп кеткен түрлөрү олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Бронхиттин курч жана өнөкөт кармаган түрлөрү бар. Анын курч кармаган формасы адатта инфекциянын жыйынтыгында пайда болот. Ал эми өнөкөт формаларында олуттуу татаалдашууларга алып келиши ыктымал. Аталган оору адатта организмдин алсыздануусуна, дененин муздап турушуна көмөктөшөт. Ага көп учурда чылым чегүү, желдетилбеген бөлмөдө иштөө, башка ооруларды дарылоо үчүн химиялык дарыларды пайдалануу жана тукум куучулук болуп саналат. Бронхит кармаардын алдында мурун бүтүп, үн кырылдап, тамак кычышат. Андан кийин кургак жөтөл, алсыздык, белдин жана колу-буттун оорушу, кышылдоо пайда болот жана температура көтөрүлүшү ыктымал. Анын өнөкөт формасында бронхдорду жана өпкөнү кыйла терең жабыркатат жана дайыма жөтөл менен, айрым учурда приступ сыяктуу илээшкен ириң аралаш какырыктын бөлүнүп чыгуусу менен коштолот.

ДАРЫЛООНУН ЭҢ ЭЛЕ ЖӨНӨКӨЙ ЫКМАЛАРЫ

Какырыкты жумшартуунун эң эле биринчи каражаты кадимки суу болушу мүмкүн. Сууну суткасына 2,5 литрден кем эмес ичүү керек – бул лимон чайы, брусника кайнатмасы, ит мурундун тундурмасы болушу мүмкүн. Ошол эле учурда инфекция организмден жөн гана агып чыгып кетет. Жазында кайыңдын ширесин бир ай бою ченемсиз ичүү зарыл, анткени бул шире иммундук система үчүн мыкты каражат болуп саналат.

ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫ МЕНЕН ДАРЫЛОО

Бактерициддик жана жөтөлдү басуучу азыктардын бири кара түрп. Бирок аны кургак жөтөлдө жөн гана жегенге болбойт, анткени ал былжыр челди дүүлүктүрөт. Ал эми аны салат түрүндө өсүмдүк майы же каймак менен жесе ал эң сонун жумшартуучу каражат жана жөтөлгө дагы жардам берет. Сироп түрүндө дагы ичсе болот, ал үчүн сүргүчтөн өткөрүлгөн жана сыгылган түрптүн 1 л жакын ширесине 400 мл бал кошуп, 3 саат тыныктырат, андан кийин 2 аш кашыктан күнүнө тамактын алдында 3 жолу дары каражаты түгөнгүчөктү ичет. Айтмакчы бул дары бөйрөк жана боордун оорусунда мыкты жардам берет.

ЧӨП-ЧАР МЕНЕН ДАРЫЛОО

Какырык чыгаруучу каражат катары өгөй эне-өз эне чөбү, кызыл карагайдын бүчүрлөрү, жапалак көкөмерен, бака жалбыракты кайнатма түрүндө ичүүгө болот. Кызыл карагайдын жаш бүчүрлөрүн майдалап кастрюлдун жарымына чейин толтуруп, ага төрттөн үч бөлүгүнө чейин суу куят. Андан соң жай отко коюп 1,5 саатка жакын кайнатып, муздатып, чыпкалап, кайнатмага бир стакан кумшекер кошуп жай отто илээшкен балга окшош масса пайда болгучакты дагы 2 саат кайнатат. Тамакка чейин 1 аш кашыктан суткасына 3 жолу ичет. Айрым учурда антибиотиктердин дагы кереги жок болуп калат.

КӨКҮРӨКТҮ СҮРТКҮЛӨӨ

1 аш кашык скипидарга 1 аш кашык коньяк (эч убакта арак же спирт кошууга болбойт) жана 1 аш кашык балдар бет майын кошуп аралаштырат. Түн ичинде бул аралашманы аркага, көкүрөккө жана тамандарга сүртүп, жүндөн жасалган байпак жана пахтадан тигилген көйнөк кийип уктайт. Скипидар абада кычкылданат жана озон бөлүп чыгарат, ал бактерияларды жок кылуу менен кошумча дарылоочу натыйжа берет.

ИНГАЛЯЦИЯ ЖЕ ЧАЙКОО

Бул үчүн багульник чөбүн пайдалануу керек: 15 гр чөптү 1 стакан кайнак сууга салып, 20 мүнөт демдейт. Бул тундурма менен канчалык көп дем алып жана тамакты чайкаса ошончо тез сакаят.

Аймира Мендеева

16.08.2013

Источник

Бронхит оорусу

«Бронхит оорусу» кандай, аны уй шартында дарылоо болобу? симптомдору жана белгилери жана башка ушул сыяктуу суроолорго кеңири жоопту төкпөй чачпай айтып берели.

Бронхит деген эмне
Бронхит кандай оору? өпкө ооруларынын көп кездешүүчү ооруларынын бири. Бронхалар дем алуу системасынын бөлүгү болуп, өпкөнүн ткандарын трахея менен байланыштырып турган трубка сыяктуу. Трахея эки башкы бронхалар менен байланышкан, алардын ар бири өзүнчө көптөгөн майда трубкаларга бөлүнөт, бронхалар жана бронхиолдор. Дал ушул трубкалар аркылуу дем алганда аба өпкөнүн ткандарына өтөт. Мындай майда трубкалардын эң аягында микроскопиялык баштыкча бар, анын аты альвеола, бул баштыкчада абадагы кычкылтек канга аралашат. Бронхит болгондо бронхалар сезгенет же бронха тешиктерине көп өлчөмдөгү былжыр бөлүп чыгара баштайт. Бронхит катуу кармаганда, ларингит, фарингит жана трахеит оорулары менен коштолот.

Сезгенүү негизинен вирустар аркылуу (көбүнчө курч респиратордук ооруларды чакырган вирустар, буларга грипп кирет.) же экинчи даражадагы бактериялык инфекциялардан болот (инфекциялык бронхит). Ошондой эле бронхит оорусу өпкөнү сезгентүүчү ар кандай токсиндерди, химиялык каражаттарды, чаң, амиак (түрдүү тазалоочу каражаттарда көп колдонулат) жана түтүн менен дем алганда пайда болот. Башка өпкө оорулары (мисалы, астма, өнөкөт синусит) менен ооруган адамдар дагы бронхит менен көп оорушу мүмкүн. Ошондой эле суук тийүү, нымдуу абада узак убакытка чейин болуу, температуранын чукул өзгөрүшү, буга байланыштуу жазында жана күзүндө көбүрөөк кездешет. Тамеки, арак, эфир майлары терс таасирин берет.

Бронхит күчөгөндө булчуңдар ооруп, көкүрөк кысылып, мурун бүтөт. Кичинеден жүрүп отуруп жөтөл башталат. Какырык кичинеден чыга баштайт, дене табы көтөрүлөт.

«Бронхит оорусу» негизинен адамдын эмгекке жарамдуулугуна таасирин тийгизбей билинбей өтө берет, бирок улгайган адамдарда, тамеки чеккендерде жана өнөкөт жүрөк жана өпкө оорулары бар адамдарга бул дарт чыныгы көйгөйлөрдү жаратат.

БРОНХИТТИН БЕЛГИЛЕРИ
Курч бронхит оорусунун белгиси
Инфекциялык бронхит көбүнчө кышкысын пайда болот. Шартка ылайык, суук тийип калгансып, шалдыратат, тамак кырылдайт, андан соң жөтөл пайда болот. Башында кургак жөтөл болуп, кийинчирээк какырык чыгарган жөтөл болуп, ак, сары, жашыл какырык чыгышы толук мүмкүн. Өтө олуттуу учурларда температуранын көтөрүлүшү байкалат. Бронхиттин өөрчүп кетүүсү пневмония оорусуна алып келет, ошондуктан айтылган белгилер байкалганда эле дарыгерге көрүнүү зарыл.

Өнөкөт бронхиттин белгиси
Жөтөлүү жана какырыктын бөлүнүп чыгуусу жыл сайын кайталанып, кармаган сайын узакка созулушу мүмкүн, кээде бир нече айга чейин. Өнөкөт бронхит көп учурда ар кандай өпкөнүү дүүлүктүрүүчү заттар менен дем алганда, тамеки чеккенде пайда болот.

Өнөкөт бронхит болгондо бронхалардын былжыр чели көбүрөөк какырык чыгарат дагы, жөтөлтөт. Ал эми инфекциялык бронхитте (курч бронхит) дем алуу жолдорунун сезгенүүсүнөн жөтөл пайда болот. Бул курч жана өнөкөт бронхиттердин негизги айырмасы. Көп учурда өнөкөт бронхиттин себеби тамеки чегүүдөн болот.

Читайте также:  Хронический бронхит стадия обострения симптомы

Дүүлүктүрүүчү таасирлердин алдында ден-соолуктун начарлашына алып келет, майда дем алуу жолдорунун сезгенүүсү же карттанып тырык болуп калуусу, дем алуунун оорлошуна алып келет. Мындай кырдаалда эмфизема (жел туруп калуу) оорусу өнүгүшү мүмкүн, өзгөчө дүүлүктүрүүчү заттар альвеолдорду бүлүндүргөндө. Андай болгондо бейтап кичине эле кыймылдаса дем алуусу оорлойт. Бронхит жана эмфизема эки башка оору болгону менен көп учурда булар бири-бирн коштоп жүрүшөт.

Тамеки чеккен адамдар, оорудан сакайганга чейин тамекини таштоо керек. Эгер адам курч бронхит (инфекциялык бронхит) менен ооруп жатса дарыгер стационардык режимди сактап, көбүрөөк суюктук ичип, обезболивающий жана дене табын түшүрүүчү (парацетамол) дарыларды сунушташы мүмкүн.

Эгер жөтөлгөндө сары же жашыл (көк) какырык чыгып, же дене табы жогору болуп, көпкө чейин төмөндөбөй жатса, анда бул бактериялык бронхит болушу мүмкүн. Мындайда дарыгер антибиотиктерди жазып бериши мүмкүн. Онокот бронхит учурунда дарыгер бир нече сунуштарды береши мүмкүн, алар: тамеки тарткан адам болсо, тамекиден убактылуу болсо дагы баш тартуу, бронхидилататорлорду (бронхолитик) жазып бериши мүмкүн, бул дарылар дем алуу жолдорун кеңейтип, дем алууну жеңилдетет. Көп учурда буларды ингаляция түрүндө белгилешет. Өөчүгөн мезгилде кээде кортикостероид жана антибиотик белгилешет. Оор учурларда же кайра-кайра күчөгөндө кортикостероидди дайыма кабыл алууну сунушташы мүмкүн.

Бронхитти алдын алуу
Албетте, жыл сайын өтүүчү гриппке каршы вакцинация күз-кыш мезгилиндеги грипп менен ооруп калуу мүмкүндүгүн азайтат, ушуга ылайык өнөкөт бронхит менен ооруган адамдарга дагы сунушталышы мүмкүн. пневмококктор тарабынан козголуучу ооруларга каршы вакцинация дагы өнөкөт бронхит менен ооруган адамдарга сунушталат. Бирок, айта кетчү нерсе, вакцинация бардыгына жетпейт, телевидение, радио уктуруулардан вакцинация алгыла деп какшаганы менен, чын-чынында вакциянация бардыгына жетпей калат. Гриппке каршы эмделгени келдим деп барсаңыз, а эмдөө жок калган, ал дарыгерлерге, жаш балдарга, адамдар менен көп иштеген кызматкерлерге гана берилет деген сөздөр көп кездешет. Неге бардыгына жетет деп калп айтышат түшүнүксүз. Негизинен наристелерге эле жетет. Эми бул башка тема. Ошонсе да, вакцинага үмүт артпай эле койсоңуз болот. Бронхитти уй шартында дарылоого кичине болсо дагы жардамы тиет деген үмүттө төмөнкүдөй элдик рецепттерди сунуштайбыз.

Лимон, бал жана глицерин менен бронхитти дарылоо
Бронхитке каршы эң мыкты каражат, жана дайындалышы оңой жана эффективдүүлүгү тажрыйбада текшерилген.

Даярдоо ыкмасы:

  • Сууну кайнатабыз
  • Орточо көлөмдөгү лимонду алып, жакшылап жууйбуз.
  • Жемиштин ар кайсы жагынан бир нече тешик тешебиз.
  • Кайнаган абалга жеткен суусу бар идишке салабыз.
  • 5 мүнөт лимонду бышырабыз дагы, суудан алып чыгып, сууганганга чейин коюп коебуз.
  • суугандан кийин лимондун ширесин сыгып алабыз.
  • ширени стаканга куюп (орточо 250мл өлчөдөгү идиш)
  • 2 аш кашык глицерин кошобуз
  • жакшылап аралаштырып, бал кошобуз, канты бар бал деле боло берет, эгер бал суюк болбосо, аны кичине жылытып анан кошобуз.
    бардыгын жакшылап аралаштырып 2-4 саат коюп коебуз.

Кантип колдонуу керек
Адам жашы боюнча чектөөлөр жок, чоң кишилерге, балдарга да болот. Айырмасы дозировкада. Чоң кишилер үчүн эгер катуу жөтөл болсо күнүнө 4-7 жолу 1 аш кашык менен, калган учурларда күнүнө 2-3 жолу эле. Жарым саат тамакка чейин ичсе жакшы, тамактан кийин деле ичсе болот, бирок мындай учурда тамактан кийин жок дегенде 2 саат өтүшү керек. Балдарга күнүнө 2-3 жолу 0,5 (жарым) аш кашык.

Рецепттин таасири:
Организмдин ооруларга каршы туруусу жогорулайт (С витамини иммундук системага дем берет)
Глицерин сезгенген тамакты тынчтандырып, нымдап, жөтөлдү жеңилдетет.
Бал болсо табигый актибактериалдык каражат, инфекциянын козгогучтары менен күрөшүүгө жардам берет.

Каршы көрсөтмөлөр: Ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдарга абайлап колдонуу сунушталат, мындай состав оорунун өтүшүн оорлотуп же күчөтүп жибериши мүмкүн. Ошондой эле рецепттеги ингридиенттердин каалаганына аллергиясы бар адамдарга дагы бул каражат таптакыр сунушталбайт.

Бронхит болгондо жөтөлгө каршы пияз маңызы

  • Ингридиенттер
  • Пияз — анча чоң эмес 2-3 баш
  • Сүт
  • Бал

Пиязды аарчып, майда туурайбыз. Анча чоң эмес мискейге салабыз дагы сүт кошобуз. Аралашманы пияз кичине жумшарганча кайнатабыз. Даярдыгына жараша бал кошошбуз. 1 стаканга 1 чай кашык бал. Дарылоо курсу 1-3 күн. Бир аш кашык саат сайын.

Профилактика кеңештери
Бронхит оорусуна ийимдүүлүк барбы же жокбу профилактика үчүн жөнөкөй эрежелерди үйрөнүп алсаңых ашык болбойт. Мындай чаралар бронхит менен ооруп калуу тобокелдигин төмөндөтүп, жалпы өпкөгө пайдалуу:

  • Тамеки тартуудан алыс болгула, анын ичинде пассивдик чегүү. Тамекинин түтүнү өнөкөт бронхит жана өпкө эмфизема тобокелин жогорулатат.
  • Сасык тумоо, КРО (Курч респиратордук оорулар) оруулары күчөгөн мезгилде, адамдар көп топтолгон жерлерден алыс болууга аракет жасоо керек.
  • Эгер сиз өпкөнүн өнөкөт оорулары, вирусттук инфекциялар көп оорусаңыз, пневмонияга каршы эмдөө алууга аракет кылыңыз.
  • Дайыма колду самындап же башка дезинфекциялоочу каражаттар менен жууңуз. Өзгөчө кышкы мезгилде муну сактоо абдан маанилүү. Ишенип койгула, күнүмдүк гигиена инфекциялык оорулар тобокелин бир кыйла төмөндөтөт.
  • Бузулбаган, свежий жашылча-жемиштерди колдонууну унутпаңыз. Иммунитетти сактоо үчүн организмге витаминдерди жетишээрлик кабыл алуу зарыл. Витаминдүү чайлар дагы жакшы, мисалы, лимон чай, ит-мурун чай, жалбыз жалбырактары кошулган чай дегендей.
  • Жетишээрлик деңгээлде белокторду кабыл алуу. Белоктор витамин сыяктуу эле ден-соолук үчүн абдан зарыл нерсе. Ал эми күз-кыш мезгилдеринде анын мааниси өтө жогорулайт.
  • Муздак абада моюнду шарф же бийик жакалуу кийим менен жабуу керек. Суукка кабылган тамак — бронхит оорусун өнүктүрүүчү адаттагыдай фактор.

Достор, Бронхит оорусу жонундогу макалабыз ушундай болду. Бронхит оорусун дарылоо албетте дарыгердин көзөмөлүндө жүрүүсү абзел, ошондуктан биринчи белгилери пайда болгондо ооруканага барсаңыз жакшы.

Читайте также:  Что поможет от бронхита при беременности

Кошумча шилтемелер:

  • Астма
  • Ларингит
  • Фарингит
  • Трахеит
  • Ден соолукка пайдалуу кенештер
  • Грипп деген эмне

Источник

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хронический бронхит

хронический бронхит

#1

Пользователь офлайн
 

Adina86

 Бронхит уй шартында дарылоо

05 Март 2014 — 00:47

Саламатсыздарбы суперстандын колдоонуучулары сураныч билген кенешиниздерди берип коюнуздарчы?
Апам 6жылдан бери жотолот,опкосу таза экен,хронический бронхить дептир,ичпеген дарысы калбадыбы.Ар 5айда дуктурда дарыланып чыгат пайдасын бербеди 3кун болду терепиядан дарыланып чыкты,жотолу басылган жок.Эмне кылышты билбей калдык .Билген кенешиниздерди берип коюнуздачы сураныч?

#2

Пользователь офлайн
 

Adina86

 Бронхит уй шартында дарылоо

05 Март 2014 — 13:37

чон рахмат кенешинизге!
!

#3

Пользователь офлайн
 

dina

 Бронхит уй шартында дарылоо

05 Март 2014 — 14:08

ELTYN (03 Декабрь 2011 — 17:11) жазган:

Алоэ согу бронхит оорусун айыктырат

Алоэ кадимки үй гүлү катары өстүрүлөт. Дарылыгы өтө баалуу өсүмдүк. Мунун жалбырагын жана сабагын кургатылган түрдө колдонсоңуз болот. Бул үчүн таза сууга кайнатып, дарынын суюктугун даярдап, муну карын, он эки эли ичеги жарааттарына карата ичүү пайдалуу. Андан сырткары аз өлчөмдөгү кайнатмага сары май менен балды кошуп ичсеңиз бронхит оорусуна өзгөчө жардам берет. Аталган өсүмдүктөн тери жарааттарына да мазь даярдап алсаңыз болот. Үй шартында даярдасаңыз:
өсүп турган жаш жалбырагын алып, караңгы жерге төмөнкү температурада 12 сутка кармаңыз. Андан соң сууга салып майдалайсыз.
Ушундан кийин гана тери жарааттарына айыкканга чейин сүйкөйсүз.

#4

Пользователь офлайн
 

nuri.88

 Бронхит уй шартында дарылоо

22 Апрель 2014 — 16:23

Саламатсыздарбы?
Мен сурайын дегеним: Мен 5–6 жылдан бери бронхит ооруусу менен алышып келем.Озум 26 жаштамын,былтыр корунуп,леченье кылганмын бирок жакшы жыйынтык болгон эмес.Кыргызчылык кылып кандай жолдор менен калтырсам болот?Кенеш бериниздерчи?

#5

Пользователь офлайн
 

admin_superstan

 Бронхит уй шартында дарылоо

22 Апрель 2014 — 16:32

«Астма(Бронхит)»
темасы менен бириктирилди.

#6

Пользователь офлайн
 

sekret94

 Бронхит уй шартында дарылоо

25 Апрель 2014 — 23:19

Бронхит ооруусу хранический туруно откондо айыгуу ыкмаларын озгортууго туура келет. «Кашкулак»
тын этин шорпо кылып ичсе жардам берет. Ал тургай кургак учук оорулары м.н ооруган бээтаптарга да сунуштайм.

#7

Пользователь офлайн
 

Ylykbek1990

 Бронхит уй шартында дарылоо

26 Апрель 2014 — 18:14

  • Активист
  • Бронхит уй шартында дарылоо

  • Тайпасы:
    Жаран
  • Билдирүүсү:
    421
  • Катталган:
    23 Июль 13
  • Соңку аракети:
    18 Ноя 2019 10:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек — Ысык-Кол

Бронхит

Шалфейдин кургатылып майдаланган чобунон бир чон кашык алып, 1 стакан сутко аралаштырып туруп жай кайнатат. Аны 30 мунот муздатып, дагы бир аз кайнатат, андан кийин тундуруп чыпкалайт. Бул тундурманы жатаарда жылытып ичуу керек.

* * *

1 литр кайнап жаткан сууга 400 гр улпакты салып аралаштырат.
Аны 2-3 мунот кайнатыш керек. Ал муздагандан кийин тундуруп чыпкалайт. Кечке дейре суудай ичип туруу керек. Кээде набат кошуп ичсе да болот.

* * *

Жатаарда койдун куйрук майына эки жумуртканы кууруп, ага туз салып туруп кокурокко коюп жатса да жакшы болот.

* * *

500 гр майдаланган пиязга, 400 гр кумшекерди,
50 гр балды кошуп аралаштырып,
устуно 1 литр суу куюп жай куйгон отко 3 саат кайнатат. Муздагандан кийин чыпкалап, оозу бекем ботолкого куюп муздаткычка коюп коет. Кунуно 4-6 маал 1 чон кашыктан ичип койсо оз натыйжасын берет.

* * *

1 лимондун ширесине 2 чон кашык глицеринди,
2 чон кашык балды кошуп аралаштырат.
Муну кунуно 5-6 жолу 1 чон кашыктан ичип журуу талапка ылайык.

* * *

Картошканы кабыгы менен тузсуз сууга бышырып алып, ысык кезинде чупурокко ороп туруп, ал муздагыча кокурокко коюш керек. Бул убакта оорулуу озу дагы жылуу жамынып жатуу керек.

#8

Пользователь офлайн
 

tolkun85

 Бронхит уй шартында дарылоо

27 Апрель 2014 — 13:28

белгилери кандай болот бронхит- астманын мени да айтышты дуктурлар бронхиалный астма деп мен жотолгондо дем жетишпей кыйналып кетем ушул до ошондо

#9

Пользователь офлайн
 

Meerman

 Бронхит уй шартында дарылоо

04 Май 2014 — 00:04

Кызылчаны, сабизди, алоэни теркадан откоруп балга аралаштырып 1жума карангы жерге коюп 1кундо 1кашыктан жеш керек. Бронхитке анан иммунитетти да которот.

#10

Пользователь офлайн
 

Meerman

 Бронхит уй шартында дарылоо

04 Май 2014 — 00:08

Баарын мясорубкадан откоруу керек

#11

Пользователь офлайн
 

shumkar929292

 Бронхит уй шартында дарылоо

02 Август 2014 — 17:44

Менин 3жаштагы кызымында бранхити бар кандай кылып айыктырам билбейм ичи менен дем алып кыйналып кетет.бромгексин германски,эуфиллин ичирем 1,2нед кийин дагы кармайт саамал ичирдим дагы деле ошол акыбал 7жашта токтоп калат дейт.

#12

Пользователь офлайн
 

Aikoo2014

 Бронхит уй шартында дарылоо

02 Август 2014 — 23:26

Эгер жаштыгынан бронхит болуп калса ал эч кандай кандайдыр бир жашта калып кетпейт. Мына менида апам жаш ымыркай убагымда бронхит оорусуна чалдыктырып алган экен. Азырга дейре сакайып кеткеним жок,муздак нерселерден суулардан озумду тыйбасам тамагыма какырык толуп калат. Грипп болуп калганда бронхитим аябай оч алат,жотолгондо кыйнап жиберет.

Менида ушул суроо кызыктырып журду эле,билген форумчулар ой болушсо жакшы болот эле.

#13

Пользователь офлайн
 

Nariste…12

 Бронхит уй шартында дарылоо

02 Август 2014 — 23:47

Бул ооруну такыр эле жок болуп кетет дегенден алысмын, бирок 3 жашар наристени жакшылап даарыласа айыгып кетет.
Мен жашыраак кезде ушул ооруга чалдыкканмын.
Эмне гана кылбадым бирок эч эле ушул ооруудан арыла албай , бирок аба алмашса жакшы болуп кетет дегенге ишенип олтурам. Азыр эки жылдан бери, бир да жолу адышкам кармаган жок, жада калса дары (сальбутамол) колдонгон жокмун.

Гулназ муздак нерсе, мисалы суу, бал муздак жб нерселерден алыс кыл.
Анан да грипптен да алдын ал!
Себеби грипптен да ослажнение берет
Негизи врачтын айтканын кылсан эле , баары жакшы болот.
Кызын айыгып, дени сак кыздардан болсун ээ!

#14

Пользователь офлайн
 

shumkar929292

 Бронхит уй шартында дарылоо

03 Август 2014 — 01:28

Рахмат. айыктырса болот дейт загар алыш керек экен биз да сальбутамол колдонобуз кышында айрыкча кыйналабыз капелница менен жакшы болгонбуз.дагы жатып леч алсакпы башым катып калды.диагнозу аллерг острый бронхит коп чуркаганга секиргенге болбойт опкосу кооп энтигип калат жотолуп

#15

Пользователь офлайн
 

Feijipiao

 Бронхит уй шартында дарылоо

15 Январь 2015 — 14:22

Көк жөтөлдөн айыгуунун жолу

Көк жөтөл (бронхит) -дем алуу органдарынын сезгенүүсү.
Анын катуу кармоочу түрү бар. Катуу кармаган көк жөтөлдү жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор пайда кылат. Ал мурун, коко, кулкун жана кекиртектин сезгенүүлөрү менен козголот. Бул дарттын пайда болушуна суукка урунуу жана нымдуу абада көпкө жүрүү себеп болот. Жаз, күз мезгилинде көп кезигет. Ошондой эле тамеки тартуу, арак ичүү организмди начарлатат.
Мында мурун бүтөт. Жөтөл күчөйт. Какырык пайда болот, дене ысыйт.

Мындай учурда тез жардам: 1 л. банкага 2-3 лимондун кабыгын салып, ага таза 50 гр. спирт куюп, пластмасса капкак жаап, буулангыча жалынга кармап, анан ингаляция жасоо керек ( буусун ооздон дем алып, мурундан чыгарат). Муну күнүнө 2-3 жолу тамактан кийин жасайт. Ингаляцияны адырашман, ромашка, көк чай чөп, ак кодолдун тамыры, каз таңдай, жыпар чай (шалфей) менен жасаса да болот.

Жөтөл көбөйүп какырык чыкпаса кызыл мыя, карандыз, каакым-кукум тамырларын,
көк чай чөптү 10-15 мүнөт кайнатып ичүү керек. Эскерте кетели, кызыл мыянын тамырын кайнатып алып, муздатып, жөтөлгөн сайын ууртап туруу керек. Бул какырыкты тез чыгарат. Ысык ичүү жүрөк кан тамырларына зыян. Алоэни, прополисти спиртке ачытып алып бир чай кашыктан ичүү керек. Ошондой эле ушул ачытманы тамакка, көкүрөккө, эки далыга сүртсө жакшы натыйжа берет. Муну сакайгыча жасоо керек.

Көк жөтөлгө кабылган учурда мүнөз тамак ичүүгө болбойт. Дары чөптөрдөн — кызыл мыя, карандыз, уйгак тамырын кайнатып, муздатып ичүүгө туура келет. Ысык ичкенде жүрөк тамырларын көптүрүп иет.

Уу коргошун, кундуз (чөп), кой, чочко майларын аралаштырып көкүрөк же далы тушуна калыңдатып тартат. Муну жатаарда жасап, 5-6 саат кармаса суукту тартып алат.

Ушул ыкмаларды колдонгон ноокас көк жөтөлдү жеңет. Айбанаттардын эти, майы да колдонулат.
Айта кетсек аюунун, суурдун, кашкулактын,
иттин майын, этин жийиркенбей жеш керек.

Көк жөтөл ашып кетсе кептөөргө (бронх астмасына) айланат.

#16

Пользователь офлайн
 

baku24

 Бронхит уй шартында дарылоо

17 Январь 2015 — 18:55

менин да балам хранический бронхит болуп калды эле кылбаган нерсем калбады, акыры аптекада бир эже иттин майын тандайына тийгизип журсон калып кетет ичирбе бооруна зыян деди эле колдонуп азыр кудайга шугур бир ай болойун деди кармай элек болбосо бир жума токтосо жир жума жотолуп эле кыйналып буттук эле. Алла таалам ар бир дарттын шыпаасын кошо берет экен

#17

Пользователь офлайн
 

Rifle

 Бронхит уй шартында дарылоо

19 Январь 2015 — 13:43

  • Перейти к блогу
  • Тайпасы:
    Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү:
    455
  • Катталган:
    31 Декабрь 14
  • Соңку аракети:
    12 Дек 2019 09:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Атбашы

Мен озум медик , хирург болдум. Мектепти бутуп жатканда хрон.бронхит менен ооругам. 2-курска чейин кыйналып журдум. Кийин спортко берилип, 5мкр жашап ботанический садка кундо чуркап , бир жылда бронхитти жендим. Азыр денсоолук зынк. Ийгилик баарына !

Элдик медицина ,1 чай кашык чоп алоэ,шалфей дегендерге ишенбейм. Медицина баары бир женет, сиз мыкты адистерге кайрылыныздар !

Билдирүүнү түзөткөн: Rifle: 19 Январь 2015 — 13:45

#18

Пользователь офлайн
 

ayildik_kiz

 Бронхит уй шартында дарылоо

31 Январь 2015 — 11:01

Мен дагы ушул дарт менен коп жылдан бери курошуп келем.Акыркы жолу кармаганда бир олуп реанимацияда кайра тирилдим . Бир врач айткандай этият болуп гана журуш керек экен.Антибиотиктер убактылуу гана ооруну басып турат.Бронхит коптогон оорулардын башаты болуп берет убагында даарылабаса.

Острый бронхит.Бронхиальная астма.Брохоэктазы.
Бронхоэктатическая болезнь.Пневмания.
Оорулуу копко тошокто жатып калса плеврит(опкого суу толуп кетуу).Анан барып барып ХОБЛ(хроническая обструктивная болезнь легких).Опконун онокот бутолмо дартына кабылат.
Бронхит деп кобу конулуно албаганы менен жогоруда жазганымдагы оорулардын башаты бронхтордон башталат.Кандайдыр жашка барганда калып калат деген соз эн туура эмес.Бронхит жыл откон сайын кучой берет.Жаны башталганда жакшылап дарылануу кажет.

#19

Пользователь офлайн
 

Nariste…12

 Бронхит уй шартында дарылоо

01 Февраль 2015 — 14:32

Туура айтасыз айылдык кыз.
Менин атам жаш кезинен бери, хранический астма менен ооруйт. Эмне гана кылган жокпуз. Барбаган жагы калган жок. Бирок оз убагында дарыланып, чан, оор иштерден алыс болуп , ар дайым уйду таза кармап, мышык итти бакпайбыз. Себеби ошол нерселер да зыян тийгизет экен.

Бирок окунучтуусу жашыраак кезимде грипп болуп, ошол нерсеге жакшы маани бербей, менде да бронхит бар. Бойдок кезде анча билинчу эмес, качан биринчи уулумду торогондон кийин козголду. Леченье да кылдым бирок убактылуу жакшы болот да, мезгилдер алмашканда же болбосо аба алмашканда созсуз козголот. Ар дайым сумкамда сальбутамол журот. Сактыкта кордук жок дегендей. Эгерде катуурак басып, же жугуруп калсам , энтигип аба жетпей калат.
Анан бирде «бул ооруу жугуштуу, атасында бар да ошон учун кызына жуккан»деп алысыраак абысындарымдан угуп аябай ызаа болгом. Себеби бул ооруу жукпайт, суук тийгенден же грипптен отушуп кетсе ушул оору козголоорун айткым келет.

#20

Пользователь офлайн
 

-rusalka-

 Бронхит уй шартында дарылоо

01 Февраль 2015 — 15:00

Мен да кичинекей кезимде коп жотолот болчум,Анан алыс жака алып барышып кумга коомп коюшкан 1сааттай.ыссыкта оло суусайсын бирок, 1саат суу ичирген эмес.Муздак чай беришкен.ошондо 4жашта болсом керек эле.ушул методду да колдонуп коргуло балким жардам береер.

  • ← Мурунку тема
  • Отоларингология
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Источник